Кыргызстанда сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 26 май 2025 09:20
Кыргызстанда сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 5, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 3, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.