Өлкөдө сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 16 июнь 2025 09:50
Өлкөдө сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Өлкөдө сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.