Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 4, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.