Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт катталды

Кырсык 11 июнь 2025 10:00
Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт катталды

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 5, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.