Кыргызстанда студенттерге 7000 орундуу жаңы 9 жатакана салынат

Министрлер кабинети 12 Май 2026 18:40
6a031494c4b6a.jpg
6a031494c5970.jpg
6a0314948420a.jpg
6a031494840ba.jpg
6a03149429ae2.jpg
6a03149426359.jpg
6a031493d853d.jpg
6a031493c8d62.jpg
Алдыга
Артка
6a031494c4b6a.jpg
6a031494c5970.jpg
6a0314948420a.jpg
6a031494840ba.jpg
6a03149429ae2.jpg
6a03149426359.jpg
6a031493d853d.jpg
6a031493c8d62.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана студенттик жатаканаларды куруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова Кыргызстандагы студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын көрсөттү. Аймактар аралык мобилдүүлүк программасынын алкагында каралган квоталардын жалпы саны 8000 орунду түзөт. Программага ылайык, өлкөнүн 5 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында 7000ден ашык орунга ылайыкталган 9 жатакана куруу пландаштырылууда.

Кеңешменин жүрүшүндө аталган программаны ишке ашыруу, каржылоо жана студенттер үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү маселелери талкууланды.

Белгиленгендей, Илим жана жогорку билим берүү министрлиги Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте студенттик жатаканаларды куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүп, жер тилкелери аныкталып, инженердик-изилдөө иштери аткарылып, долбоор алдындагы жана архитектуралык чечимдер иштелип чыкты.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кеңейтилген автономия берүү жана билим берүүгө кредиттерди киргизүү маселелери каралды. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.