Кыргызстанда спорттук медицинаны өнүктүрүү колго алынат

Ден соолук 667 16 Июнь 2026 17:20
1.jpg
719432708_122125705215204621_6704566170058033737_n.jpg
720488145_122125705479204621_7437578980272986760_n.jpg
723600221_122125706037204621_3970526001914153455_n.jpg
723779597_122125705389204621_6546981485773578316_n.jpg
723792501_122125706679204621_6853760219873325673_n.jpg
723961880_122125705545204621_8580850951823712540_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Илим министрлиги

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өлкөдөгү спорттук медицинанын келечегин талкуулаган ири тегерек стол өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чараны Дене тарбия академиясы менен Медициналык академия биргелешип уюштурду.

Министрдин орун басары Лира Сулайманова белгилегендей, спорттук медицина заманбап спорттун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана учурда бул тармакта кадрдык потенциалды чыңдоо, диагностика жана реабилитациялоо боюнча заманбап технологияларды жайылтуу зарылчылыгы турат.

Анда спортчулар менен иштей турган адистештирилген спорттук дарыгерлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында спортту жана медицинаны айкалыштырып өнүктүрүү, санариптик шарттарда дене тарбия тармагы үчүн илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана заманбап изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Тегерек столдун катышуучулары (эксперттер, мамлекеттик органдардын жана спорттук коомчулуктун өкүлдөрү) спортчулардын ден соолугун коргоо жана сапаттуу адистерди даярдоо үчүн күчтөрдү бириктирүү чечимине келишти.

Жыйынтыгында биргелешип иш алып баруу боюнча атайын резолюция кабыл алынды.