Россиянын маданият күндөрү. Бишкекте Никита Михалковдун спектаклдери көрсөтүлөт

Маданият Загрузка... 27 Октябрь 2025 13:07
WhatsApp Image 2025-10-27 at 12.38.08.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан 2-ноябрына чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында россиялык белгилүү режиссер Никита Михалковдун эки спектакли тартууланат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган театрдын директору Сергей Бардаков билдирди.

Анын айтымында, алар “12” аттуу драма жана балдар үчүн Евгений Шварцтын чыгармасы боюнча коюлган “Жоголгон убакыт жомогу” спектаклдери.

“Биз бул легендарлуу спектаклдердин Кыргызстанга келишин көптөн бери күтүп жүрдүк. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бул спектаклдер биринчи жолу Кыргызстанда көрсөтүлөт. Бул чындыгында маданий жактан чоң жетишкендик жана маанилүү окуя. Россияда бул спектаклдерге билеттер абдан кымбат жана чектелүү болгондуктан, кирүү кыйын. Тилекке каршы, бизде да бардык билеттер сатылып бүттү.

“12” спектакли 30 жана 31-октябрда саат 19:00дө коюлат. Ал эми "Жоголгон убакыт жөнүндөгү жомок" 1-ноябрда саат 16:00дө, ошондой эле 2-ноябрда саат 12:00, 14:00 жана 17:00дө көрсөтүлөт,”- деди Бардаков.