Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт

Маданият Загрузка... 27 Октябрь 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

Анын айтымында, бул саамалык көптөн күткөн маанилүү маданий окуя. Иш-чара эки өлкө ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары дагы бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Маданият күндөрүнүн программасы мазмундуу жана кызыктуу иш-чараларга бай.

“Иш-чаранын ачылышы 29-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот. Анда Россия эстрада жылдыздары, музыканттары катышкан концерттик программа тартууланат. Концерт белгилүү “Фонограф-Симфо Жаз” оркестринин коштоосунда, Россиянын эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги менен өтөт. Ушул эле күнү филармониянын фойесинде Россия жана Кыргызстан кинематографиясын байланыштырган “Бир экранда – Россия, Кыргызстан, кино” аттуу фотокөргөзмө ачылат.

Ошондой эле ушул эле күнү “Манас” кинотеатрында кинофестивалдын ачылышы болот. Салтанаттуу бөлүктөн кийин режиссер Никита Высоцкий тарткан “Август” тасмасы көрсөтүлүп, автор менен жолугушуу өтөт. 30-октябрдан 1-ноябрга чейин фестивалдын алкагында башка тасмалар да сунушталат. 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында Никита Михалков жетектеген Мастерская “12” театрынын спектаклдери коюлат. Алардын катарында “12” аттуу драма жана балдар үчүн Евгений Шварцтын чыгармасы боюнча коюлган “Жоголгон убакыт жомогу” спектакли бар”,-деди ал.