Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда россиялык компаниялардын саны 1800гө жетти, - деди президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда.
Жапаровдун айтымында, бул бир нече жыл мурунку көрсөткүчкө салыштырмалуу үч эсеге көп.
"Билим берүү, маданият жана миграциялык саясат жаатындагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Жүз миңдеген Кыргызстандын жарандары Россияда иштеп, эки өлкөнүн экономикасына өз салымын кошуп жатышат.
Россиянын жогорку окуу жайлары Кыргызстандын жаштары үчүн эң керектүү билим берүү мекемелеринин бири бойдон калууда, ал эми биргелешкен гуманитардык долбоорлор элдерибиздин ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана достук баалуулуктарды келечек муундарга өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөт", - деди Жапаров.