Кыргызстанда республикалык олимпиаданын IV этабы башталды

Билим Загрузка... 11 Апрель 2025 14:38
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы башталды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, билим жарышы 11-12-апрелде Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде өтөт.

Ачылыш аземи бүгүн, 11-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинде болуп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова катышып, окуучуларга ийгилик каалады.

Олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү максатында жыл сайын өткөрүлөт.

Олимпиаданы ачык-айкын, адилеттүү өткөрүү максатында жүрүшү түз эфирде көрсөтүлүүдө: https://www.youtube.com/cha.../UCCVRqVC-Fkxz8TWBnoQjprQ/live

Республикалык олимпиадага буга чейинки III (облустук) этапта жеңишке жеткен 348 окуучу 12 предмет боюнча катышууда.