Кыргызстанда муун оорусунун көбөйүшүнүн себептери изилденет

Ден соолук 170 19 Август 2026 12:30
depositphotos_91639244_m-2015.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда калк арасында муун (подагра), муун артрит жана кандагы заара кислотасынын деңгээлинин жогорулаган учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борборунун директору Назгүл Өмүрзакова "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда борбордун адистери бул көрсөткүчтөрдүн өсүшүнүн себептерин аныктоо жана аларды азайтуунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн кеңири илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

Өмүрзакова белгилегендей, илимий борбор бийик тоолуу аймактардагы жашоо шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, аймакка мүнөздүү ооруларды жана организмдин тоолуу климатка ыңгайлашуу механизмдерин комплекстүү изилдеп келет.

"Борбор иштеп баштагандан бери республиканын аймактарына бир катар илимий-практикалык экспедициялар уюштурулду. Адистерибиз 10 миңден ашуун жаранды текшерип, алардын көбүнө зарыл медициналык жардам көрсөтүлдү. Айрым бейтаптар дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Көрсөтмөгө жараша амбулатордук дарылоо жүргүзүлүп же бейтаптар ооруканага жаткырылды", - деди борбордун директору.