Кыргызстанда пенсионерлердин 95%ы жашоо минимумунан жогору пенсия алат

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 18:45
21ca7bc4-b033-45af-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда пенсионерлердин 95%ы жашоо минимумунан жогору пенсия алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөнүн пенсиялык системасында дагы ырааттуу өсүш бар.

“Эгер 2021-жылы пенсионерлерибиздин 49 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алып келген болсо, бүгүнкү күндө алардын 95 пайызы жашоо минимумунан жогору пенсия алышат”, - деди президент.