Кыргызстанда пахта тармагын өнүктүрүүгө басым жасалып, фабрика куруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинети 16 Сентябрь 2025 10:35
68c82d3d23a90-thumb.jpeg
68c82d1d7693a-thumb.jpeg
68c82d29d4d6e-thumb.jpeg
68c82d29be720-thumb.jpeg
68c82d334cd49-thumb.jpeg
68c82d335bf4a-thumb.jpeg
68c82d337062f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68c82d3d23a90-thumb.jpeg
68c82d1d7693a-thumb.jpeg
68c82d29d4d6e-thumb.jpeg
68c82d29be720-thumb.jpeg
68c82d334cd49-thumb.jpeg
68c82d335bf4a-thumb.jpeg
68c82d337062f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргызстандын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө “Текстиль Транс” ЖЧКсынын маселелери, ошондой эле “пахта” кластеринин учурдагы көйгөйлөрү жана тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн аларды чечүү жолдору каралып талкууланды.

Жаңы долбоорлордун арасында пахта ийрүүчүфабрика куруу демилгеси сунушталды.
Маселен, “Текстиль Транс” ЖЧКсы бүгүнкү күндө өлкөдөгү текстиль продукциясын чыгарууда алдыңкы ишканалардын бири  жана ири көлөмдөгү өндүрүштүк кубаттуулукка ээ. 

Ишкананын пландаштырылган кубаттуулугу жылына 6,5 миң тонна пахта чийки затын кайра иштетүүнү жана 4,5 миң тоннага чейин жип чыгарууга багытталган.

Демилгелерди ишке ашыруу Кыргызстандын текстиль боюнча аймактык рыноктогу позициясын бекемдөөгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканын өнүгүшүнө түрткү берүүгө мүмкүндүк берет.

Отурумда ошондой эле, инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштырууда жана реалдуу секторду колдоодо өнүктүрүү институттарынын жана мамлекеттик банктардын ролуна көңүл бурулду.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыйындын соңунда, долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көзөмөлдү күчөтүү, экономиканын чектеш тармактарында бизнести колдоо боюнча сунуштардын эксперттик планын даярдоо, долбоордук каржылоо инструменттерин киргизүүнү активдештирүү, чийки зат базасын камсыз кылуу жана рыноктук бааларды жөнгө салуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу, агрардык жана текстиль секторлорун кошо алганда, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.