Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда чакан жана орто ишкерликти колдоого 20 млрд сом багытталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 эл аралык көргөзмөсүндө айтты.
Төраганын биринчи орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө дээрлик бардык мамлекеттик банктарда кыйла жеткиликтүү каржылык ресурстар боюнча насыялар берилүүдө, алардын алкагында министрлер кабинети пайыздык чендерди субсидиялоо милдеттенмесин өзүнө алган.
"Мындан тышкары, биздин биргелешкен фонддор жана кепилдик институту өнөр жай секторунун, өзгөчө электр энергиясын өндүрүү багытынын өнүгүшүнө түрткү берди. Министрлер кабинети тарабынан киргизилген чаралардын пакетинин аркасында бир катар ири жана орто гидроэлектр станциялары жана күн станциялары ишке киргизилди. Ошондуктан, биз бизнес менен кол кармашып иштөөгө жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенибизди дагы бир ирет ырастайбыз", – деди Амангелдиев.