Окуучулар үчүн интерактивдүү 3D китептерди түзүү пландалууда

Билим Загрузка... 03 Июнь 2026 15:45
WhatsApp_Image_2026_c8REdFk.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Мектеп окуу китептерин санариптештирүү пландары тууралуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов айтып берди.

Анын айтымында, учурда китептерге аудиокитептерди жана интерактивдүү элементтер камтылган QR-коддорду кошуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Келечекте басма үйү электрондук окуу китептерин жөн гана PDF форматында эмес, толугу менен интерактивдүү тесттерден өтүү мүмкүнчүлүгү бар 3D-форматында жасоону пландоодо. Азырынча базалык контентти даярдап алышыбыз керек, андан кийин аны санариптештире баштайбыз", - деди Аматов.

Ал иштин бир бөлүгү буга чейин эле ишке ашканын баса белгиледи.

"Жаңы окуу китептерине QR-коддор жайгаштырылган. Мисалы, англис тили окуу куралында окуучу QR-кодго телефонду багыттоо менен англис тилиндеги даяр диалогду уга алат", - деди Аматов.