Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мугалим болгусу келген бардык каалоочуларга мүмкүнчүлүк бере турган программа жакында ишке кирерин билдирди.
"Биз бардык журналисттерди мугалимдик кесипти кайра даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырабыз. Жалаң эле журналисттер эмес. бардык таланттуу адамдар карап чыкса болот. Бул программа жакында жарыяланат. Мугалимдердин айлыгы жакшы, андан да жакшы болот. Эки жума аралыгында каалоочулар кайра даярдоодон өтүп, мугалимдик кесиптин сертификаттарын алып, мектептерде сабак бере алышат", - деди ал.
Байсалов ошондой эле август айынын башына чейин мугалимдерге 57 миңге жакын ноутбук таратыларын кошумчалады. Бул технологиянын жардамы менен мугалимдер күн сайын өз чеберчилигин жогорулатып, жаңы нерселерди үйрөнүшөт. Ошол эле учурда алар отчеттуулуктун дээрлик бардык түрлөрүнөн бошотулат.