Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты болуп Кыргызстандын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболорун Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык келтирүү, ошондой эле Мамлекеттик протоколдун жол-жоболорун өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
1) Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери;
2) Кыргыз Республикасында протоколдук иш-чараларды өткөрүү тууралуу жалпы жоболору;
3) Чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары тууралуу жалпы жоболору;
4) чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруу тартиби;
5) Кыргыз Республикасынын өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо тартиби;
6) Мамлекеттик протоколдун жалпы жоболору (тиркеме) белгиленүүдө, аларга ылайык:
– сапарлардын мүнөзү жана форматы;
– Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары тууралуу жоболору;
– Кыргызстанга чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламенттеринин башчыларынын, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн сапарларынын тартиби;
– Кыргыз Республикасына монархтардын, тактынын мураскорлорунун жана падышалардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчөлөрүнүн сапарларынын тартиби;
– Эл аралык уюмдардын башчыларынын сапарларынын тартиби;
– өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын жыйналыштарынын тартиби;
– Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын же министрлер кабинетинин төрагасынын өлкө боюнча иш сапарларынын тартиби;
– протоколдук иш-чаралардын тартиби жана талаптары жөнүндө башка жоболору;
7) Өлкөдөгү кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча президент тарабынан бекитилет.