Кыргызстандагы өлүмдүн 80% жугуштуу эмес оорулардан болууда

Ден соолук Загрузка... 18 Март 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.50.41 (1).jpeg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Москва шаарында өткөн "Өнөкөт жугуштуу эмес ооруларда жүрүм-турум тобокелдиктерин алдын алуу. Чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын натыйжалуулугу" аттуу тегерек столго катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара "Дени сак коом — 2026" форумунун алкагында уюштурулду.

WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.50.38 (1)

Кадыралиев өз сөзүндө Кыргызстандагы өлүмдөрдүн 80 пайыздан ашыгы жугуштуу эмес оорулардан болуп жатканын белгиледи. Ал негизги себеп катары тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, туура эмес тамактануу жана аз кыймылдуулукту (гиподинамия) атады.

Министрдин орун басары белгилегендей, натыйжалуу алдын алуу медициналык чаралар менен гана чектелбестен, жөнгө салуучу жана тармактар аралык чечимдерди талап кылат. Алар сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган тийиштүү чөйрөнү түзүүгө тийиш.

WhatsApp Image 2026-03-18 at 10.50.41

Ошондой эле ал Кыргызстанда 2019–2030-жылдарга карата "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" улуттук программасы ишке ашырылып жатканын, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) сунуштарына негизделген ыкмалар киргизилгенин айтты. Негизги багыттардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • тамекиге каршы күрөштү күчөтүү;
  • туура тамактануу саясатын өнүктүрүү;
  • кант, туз жана трансмайларды керектөөнү чектөө;
  • баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде тобокелдик факторлорун эрте аныктоо.
"Мындан тышкары, гипертония жана кант диабетин эрте аныктоо, санариптештирүү жана медайымдардын ролун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкөдө активдүү узак жашоо программалары ишке ашырылып, мектептерде саламаттык комитеттери жана сергек жашоону жайылтуучу кампаниялар жүргүзүлүүдө", — деди ал.

Жыйынтыгында Бакытбек Кадыралиев өнөкөт оорулардын алдын алуу мамлекеттик саясат, тармактар аралык кызматташтык жана коом менен активдүү байланыш айкалышкан учурда гана натыйжалуу болорун белгиледи.