Кыргызстанда курал-жарактарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча SALIENT долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды

Саясат 20 Март 2025 18:22
photo_5395526514000391452_y.jpg
photo_5395526514000391456_y.jpg
photo_5395526514000391453_y.jpg
photo_5395526514000391457_y.jpg
photo_5395526514000391455_y.jpg
photo_5395526514000391454_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5395526514000391452_y.jpg
photo_5395526514000391456_y.jpg
photo_5395526514000391453_y.jpg
photo_5395526514000391457_y.jpg
photo_5395526514000391455_y.jpg
photo_5395526514000391454_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Бүгүн КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациялоосу менен “Кыргызстанда ок атуучу куралдарга жана жеңил курал-жарактарга көзөмөлдү күчөтүү” SALIENT долбоорунун Координациялык кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Анда SALIENT долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу менен негизги жетишкендиктер көрсөтүлүп, талкууланды жана мындан аркы кадамдар аныкталды.

Отурумга Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева, ошондой эле мамлекеттик органдардын, БУУнун агенттиктеринин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдордун уюмдарынын жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Марат Иманкулов өзүнүн кириш сөзүндө бир жылдын ичинде КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациялоосу менен эл аралык жана улуттук деңгээлде бир нече маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн, ок атуучу куралдарды жана жеңил курал-жарактарды көзөмөлдөө жаатында Кыргызстандын аракеттери эл аралык аренада кеңири колдоо тапкандыгын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында “Куралдар реестри” программалык камсыздоонун пилоттук версиясы көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 50 даана заманбап компьютердик техника жана 25 даана көп функционалдуу принтерлерди тапшыруу аземи өткөрүлдү.