Кыргызстанда күн панелдерин орнотуу боюнча адистер даярдалууда

Билим 01 Июль 2026 09:15
733992846_2031534537735142_857650987956241542_n.jpg
735205416_2308516216632295_7237561633942318553_n.jpg
734329949_1094774179691016_2181497592557392594_n.jpg
735786529_1720250932461147_3220902173810803503_n.jpg
Алдыга
Артка
733992846_2031534537735142_857650987956241542_n.jpg
735205416_2308516216632295_7237561633942318553_n.jpg
734329949_1094774179691016_2181497592557392594_n.jpg
735786529_1720250932461147_3220902173810803503_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. №100 кесиптик лицейинде "Күн панелдерин орнотуучу жана монтаждоочу" кесиби боюнча үч айлык кыска мөөнөттүү окуу программасын аяктаган окуучулар жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен тапшырышты.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, экзамендин жүрүшүндө катышуучулар күн фотоэлектрдик панелдерин монтаждоо, электрдик туташтырууларды жүргүзүү, жабдууларды тестирлөө жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

735150240_2069941397233673_320972982796041653_n.jpg

Белгилей кетсек, окуу программасына энергетика тармагында, анын ичинде гидроэлектр станцияларында эмгектенип жаткан адистер да катышты. Бул кайра жаралуучу энергия булактары боюнча квалификацияны жогорулатууга болгон кызыгуу өсүп жатканын айгинелейт.

Күн энергетикасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Буга байланыштуу лицей эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоону улантып, теориялык билимди практикалык окутуу менен айкалыштырган программаларды ишке ашырууда.

Белгилей кетсек, аталган долбоор ТИКАнын колдоосу менен ишке ашууда.