Кыргызстанда үй тибиндеги 271 бала бакча иштеп жатат

Билим Загрузка... 30 Март 2026 12:15
298305.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда үй тибиндеги 271 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Мухтар Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, мындай мекемелерде 6 228 бала тарбияланып, 800дөн ашык кызматкер эмгектенип жатат.

Агартуу министрлигинен белгилешкендей, үй тибиндеги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки мекемелер көбүнчө ижарага алынган имараттарда жайгашкан.

Атап айтканда:

  • Кара-Сууда — 44;
  • Өзгөндө — 60тан ашык;
  • Ноокатта — 41 бала бакча бар.

Имараттар жеке жактарга таандык жана аларды ижарага алуу акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.