Кыргызстанда инсультту дарылоонун заманбап ыкмалары кеңейүүдө

Ден соолук 22 Август 2026 15:00
ukpsekpl3zhxdrn1odrm2x15pno170ms.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда инсульт менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер күчөтүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында инсульт борборлорунун ишин уюштуруу, бейтаптарды багыттоо жана дарылоо тартибин жөнгө салган документтер бекитилди.

Ошондой эле мамлекеттик медициналык уюмдарда тромболитикалык терапия системалуу түрдө колдонулуп, механикалык тромбэктомия ыкмасын киргизүү уланууда. Бүгүнкү күндө тромболитикалык терапия өлкөдөгү 10 инсульт борборунда жүргүзүлөт.

“2026-жылы бул дарылоону 94 бейтап алган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилиндеги 7 бейтапка салыштырмалуу кыйла жогору болуп, Кыргызстан RES-Q эл аралык реестрине катышкан мезгилдеги эң жогорку көрсөткүч болду”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде инсульт борборлорунда 227 бейтап катталып, алардын 92%дан ашыгы нейровизуалдык изилдөөдөн өткөн.