Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Франция билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана француз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Тараптар француз тилин окутуунун усулдарын өркүндөтүү, мугалимдердин тажрыйбасын алмашуу жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулады.
Макулдашуунун алкагында 2026-жылдын 30-31-октябрында француз тили мугалимдери үчүн семинар өткөрүлөт. Анда педагогдор заманбап окутуу ыкмалары менен таанышып, тажрыйба алмашат.