Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик төлөм системасын билдирет. Платформа улуттук валюталарда коопсуз жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, ыкчам, ишенимдүү жана жеткиликтүү финансылык операцияларды камсыздайт. Долбоор заманбап төлөм инфраструктурасы аркылуу өлкөлөр жана колдонуучуларды бириктирип, эл аралык эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылууга багытталган.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанга BRICS Pay төлөм шлюзун киргизүүнүн инвестициялык жана инфраструктуралык потенциалын талкуулашты. Ошондой эле долбоордун өкүлдөрү системанын технологиялык архитектурасын жана иштөө бизнес-моделин тааныштырышты.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, мындай демилгенин ишке ашырылышы өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү атады.
Белгиленгендей, бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн бир катар артыкчылыктарды камсыздайт. Алардын катарына тышкы борборлоштурулган төлөм системаларына болгон көз карандылыкты азайтуу, улуттук төлөм инфраструктурасы менен интеграциялоо процессин күчөтүү, ошондой эле заманбап санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүү кирет.