Кыргызстанда Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү

Президент 27 октябрь 2025 11:35
Кыргызстанда Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 20-октябрда IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык, Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү.

Эми курултай Бишкек шаарында 25-декабрда өтөт. Буга чейин 22-декабрга белгиленген.

Курултайга жалпысынан 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитети түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Быйыл төртүнчү ирет уюштурулат.