Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда дээрлик 140 миң гектар жайыт бузулган. 15-апрелден 15-сентябрга чейин аларга мал жаюуга чектөө киргизилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жакынкы жайыттар пландык негизде пайдаланылбай жергиликтүү бийликтин текшерүүсү жетишээрдик деңгээлде болбогондугунан жана жайыт пайдалануучулар кайдыгерлик мамиле жасагандыктан деградацияга учуроодо.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын маалыматына ылайык, 139 069 га жакынкы жайыт жерлери деградацияга учураган жана жакшыртылууга тийиш.
Жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу, жакынкы жайыттарды жакшыртуу жана алардын продуктуулугун жогорулатуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлунда №04-13/152 буйругу чыгып, жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү сунушталган.
Буйруктун негизги максаты:
-жайыттарды жакшыртуу менен деградация болгон жайыт аянттарын азайтуу;
-жаратылыш экосистемасын сактоо;
-мал чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
-мамлекеттин менчиги болгон жайыттарга аяр мамиле кылуу.
"Акыркы учурларда жайыт пайдалануучулар тарабынан жакынкы жайыттар жыл сайын үзгүлтүксүз пайдаланып, жол жээктеги жана коммуникация бар жайыт аянттары пайдаланып, алыскы жайыттар толук пайдаланылбай жакынкы жайыттарга күч келүүдө. Ошол себептен 15-апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыттарды пайдаланууга чектөө киргизип, алыскы жайыттарды пайдалануу сунушталды",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, айыл башчылары, айыл өкмөттөрү, район акимдери жайыттарды башкаруу планын бекитүүдө бул буйрукту эске алуусу менен иш алып барууга тийиш.