Кыргызстанда алгачкы жолу дарыгерлерге арналган сериал тартылууда

Маек Загрузка... 18 Август 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда дарыгерлердин турмушу, кесиптик тагдыры жана күнүмдүк эмгегин чагылдырган алгачкы сериал тартылууда. Ал күз айларында көрүүчүлөргө сунушталат. “Дарыгер” сериалы тууралуу “Кабар” агенттигине сериалдын режиссёру Ырыс Окенова айтып берди.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 13.02.54 (1).jpeg

Бул Кыргызстандагы мединица кызматкерлери жөнүндөгү алгачкы сериал болсо керек?

Ооба, бул Кыргызстандагы дарыгерлерге арналган алгачкы сериал болуп жатат. Медицина кызматкерлеринин эмгегин даңазалаган, оор жоопкерчилигин, кесиби үчүн курмандыкка барууларын, жеке жашоосун, тагдырын, кабылган ар кандай кырдаалдарын чагылдырган мелодрама жанрындагы сериал болот.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 11.06.58.jpeg

Сериалдын идеясы кимге таандык? Сценарийдин авторлору кимдер?

Сериалдын идеясы мага таандык. Ал эми сценарийин Дөөлөт Сыдыков, Гүлзат Алиева болуп үчөөлөп жаздык.

Канча сериядан турат? Көрүүчүлөргө качан тартууланат?

Сериал өзү 10 сериядан турат. Буюрса күз айларында биздин башкы өнөктөшүбүз болгон КТРК каналынан көрсөтүлө баштайт.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 11.03.46.jpeg

Баш-аягы канча актер тартылууда?

Жыйырма бештей актер туруктуу түрдө ойноп, муну менен бирге эле Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын жана С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актерлору эпизоддук ролдорго тартылып жатышты. Анан албетте массовка да болду. Жалпылап айтканда сериалда кырктай актер роль жаратууда.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 11.03.46 (3).jpeg

Чыныгы дарыгерлер да барбы арасында?

Чыныгы дарыгелерлер көбүнчө эксперт катары кеңештерин берип турушту. Сериал негизи Барпы айыл аймагына караштуу Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунда тартылгандыктан, аталган оорукананын балдар бөлүмүнүн башчысы Эленора Абдуллаева өзүнүн жөндөмдүүлүн көргөзүп, операция учурун тартууга катышты. Андан сырткары 2-3 дарыгер эпизоддук ролдордо кадрда болушту.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 11.03.46 (1).jpeg

Дарыгерлер жөнүндө тасма тартуунун кандай өзгөчөлүктөрү бар экен? Кыйынчылыктар болуп жатабы?

Мындагы өзгөчөлүк – медициналык терминдерди жана ооруларды үйрөнүү болду. Андан сырткары, кайсы бир операция, ооруну дарылоо же кандайдыр бир кырдаалдарды так, туура жана реалдуу кылып көргөзүүгө басым жасадык. Дарыгерлер бул сериалды көрүп өз ишин көргүдөй деңгээлге жеткирүү - биздин максатыбыз болду.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 11.03.46 (2).jpeg

Тартуу иштери Жалал-Абад облусу менен эле чектелеби?

Жалал-Абад облусундагы тартуу иштери аяктады. Эми Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бир аз тартуу иштери бар. Учурда ошолорго даярданып жатабыз.

WhatsApp Image 2025-08-18 at 11.03.46 (5).jpeg

Бюджет, каржылоо жагынан кимдер жардам берип жатат?

Каражатты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти бөлгөн. Бул дарыгерлер жөнүндөгү сериал болгондуктан, мамлекет тарабынан каржыланууда.