Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу чоңдордун өлүмүнүн 80%ына себеп болгон жугуштуу эмес оорулар (ЖИО) маселеси жогорку деңгээлде талкууланууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы улуттук кызматкери Алина Алтымышева билдирди.
Анын айтымында, жугуштуу эмес оорунун төрт негизги түрүнө жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, кант диабети жана өнөкөт респиратордук илдеттер кирет. Негизги коркунуч факторлору - алкоголдук ичимдиктерди пайдалануу, тамеки тартуу, туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн аздыгы.
"Кыргызстанда ар бир үчүнчү чоң адамдын кан басымы жогору, бирок көбү аны билбейт. Чоңдордун 30%ы эч качан кан басымын өлчөп көрүшкөн эмес, ал эми эркектер арасында бул көрсөткүч 40%га жетет. Жөн гана гипертонияны аныктоо инфаркт жана инсульт коркунучун эки-төрт эсеге азайтат", — деди ал.
Алина Алтымышева белгилегендей, абалды диеталык адаттар курчутуп жатат: калктын 75%ы суткасына керек болгон мөмө-жемиштерди колдонушпайт, ал эми 68%ы күнүнө 30 мүнөт болсо да физикалык көнүгүүлөрдү жасашпайт. Ар бир бешинчи адам тамакка тузду даамын татпай эле кошуп салат, бул дагы гипертония оорусуна чалдыгуу коркунучун жогорулатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тобокелдик факторлорун азайтуу үчүн активдүү түрдө фискалдык чараларды сунуштайт.
"Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер күнү-түнү сатылат жана баасы арзан. Мындан улам аларга болгон салыктарды көтөрүү, сатуу убактысын жана сатылчу жерди чектөө, алкоголдук ичимдиктерди сатып алуунун жаш курагын жогорулатууну карап чыгуу керек", - деп баса белгиледи ДСУ өкүлү.
Ошондой эле Алтымышеванын пикиринде, кант диабети менен ооругандардын көбөйүшүнүн негизги фактору катары кант кошулган суусундуктар саналат. 40 жаштан ашкан жарандардын ар бир онунчусунда кандагы канттын деңгээли жогору.
"Мамлекет оорунун өрчүүсүнө, көрүүнүн начарлоосунан тартып, ампутацияга чейинки ооруларды дарылоого көп чыгымдарды сарптайт. Зыяндуу тамак-ашка салык салуу жана дени сак адаттарды эрте өнүктүрүү бул чыгымдарды азайтууга жардам берет", - деп кошумчалады ал.