Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Жыл сайын дүйнө коомчулугу 31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күндү белгилейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы бул эл аралык өнөктүк “Азгырыкты ашкерелейбиз — никотин жана тамеки көз карандылыгына каршы турабыз” урааны астында өтүп, Кыргызстан дагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бул глобалдык демилгесине кошулду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, тамекинин айынан дүйнөдө жыл сайын 8 миллиондон ашык адам көз жумат. Анын ичинде 1,2 миллионго жакын адам өздөрү тамеки тартпаса да, анын түтүнүнүн терс таасиринен жабыркап келишет.
Эл аралык эксперттерди өзгөчө тынчсыздандырган маселе өспүрүмдөр менен жаштар арасында никотин продукцияларын колдонуунун өсүүсү.
Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, тамеки жана никотин товарларын чыгарган компаниялар өздөрүнүн маркетингдик ыкмаларын так ушул жаш керектөөчүлөргө багыттап жатышат.
Мында сөз электрондук тамекилердин кызыктырган дизайны, кошулма жыттары, ошондой эле алардын социалдык тармактар, жашыруун жарнамалар аркылуу жайылтылышы тууралуу болуп жатат. Бул өспүрүмдөр арасында тамекиге карата “коопсуз” жана “заманбап” деген жалган түшүнүктүн калыптанышына алып келүүдө.
Министрлик никотин өтө күчтүү көз карандылыкты пайда кыларын жана балдар менен өспүрүмдөр үчүн өзгөчө коркунучтуу экенин эскертет. Себеби, бул куракта алардын мээси жана нерв системасы дагы деле калыптанып жаткан болот.
Кыргызстан БДССУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясын жана жарандардын ден соолугун тамеки, никотин керектөөнүн, ошондой эле тамеки түтүнү менен аэрозолдордун зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө улуттук мыйзамдарды ишке ашырууну улантууда.
Маалымдалгандай, Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнүнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлиги калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана мекемелер аралык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган алдын алуу иш-чараларынын комплексин бекитти.
Алсак, 29-майда Бишкекте тамекиге каршы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мекемелер аралык кеңешме өтөт. Ага мамлекеттик органдардын, БДССУнун, медициналык коомчулуктун жана кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү катышмакчы.