Кыргызстанда бир жыл ичинде жумушсуздардын саны 19% га азайды

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 13:50
54e5e2d6-df3c-4e89-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда жумушсуздардын саны 104,7 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, өлкөдөгү жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7% деп бааланууда.

Белгиленгендей, Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 308,2 миң адамга жетти. Анын ичинен экономикалык жактан активдүү калктын саны 2 миллион 860,7 миңди түзүп, алардын 2 миллион 756 миңи иш менен камсыз болгон.

Жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 63,5 миң адамды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19% га азайган.