Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. 2025-жылдын 27-январынан 2-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 87 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 664;
- мас абалында унаа башкаруу – 309;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 81;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар – 1 686;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 384;
- автоээнбаштык – 68;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 042;
- жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 298;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 549 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.