Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 12 июнь 2025 10:15
Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.