Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 05 Август 2025 10:04
480963429_1033_j2pzKnI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 21 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 4;
  • Ош облусунда – 3;
  • Чүй облусунда – 9;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 3.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.