Кыргызстанда бир суткада 19 өрт катталды

Кырсык 3 июнь 2025 09:35
Кыргызстанда бир суткада 19 өрт катталды

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 19 өрт катталып, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 7, Чүй облусунда 5, Талас облусунда 3, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.