Кыргызстанда бажы көзөмөлү 5 сааттан 1 саатка чейин кыскарды

Экономика Загрузка... 30 Январь 2026 16:45
623267680_1351757013663461_1120691694012143899_n.jpg
copyright icon Бажы кызматы

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Мамлекеттик бажы кызматы бажы процесстерин санариптештирүү боюнча иштерди улантты. Бул тууралуу аталган кызматтын коллегиясында айтылды.

Анда белгилегендей, ишканалар үчүн жол-жоболордун саны 18ден 9га чейин кыскартылды, ал эми бажы көзөмөлүнөн өтүү үчүн талап кылынган убакыт 5 сааттан 1 саатка, ал эми айрым өткөрүү пункттарында ондогон мүнөттөргө чейин кыскарды. Кызматкерлердин санын көбөйтпөстөн, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү үч эсеге көбөйдү.

Негизги көрсөткүчтөрдү онлайн мониторинг кылуу жана башкаруу чечимдерин аналитикалык колдоону камсыз кылган заманбап Кырдаалдык борбор түзүлдү.

Жүктөрдү жеткирүүнүн коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн бажы транзити модулу киргизилди. 2025-жылдын октябрь айынан бери QR коддорду колдонуу менен онлайн төлөм системасы аркылуу дээрлик 2 мдрд сомго төлөмдөр иштетилген.