Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы билим берүү стандарттарына ылайык окуу китептерин толугу менен жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы окуу адабияттарын басып чыгарууга мамлекеттик бюджеттен 856,5 млн сом бөлүнгөн. Натыйжада өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына 5 миллионго жакын нускада окуу китептери жеткирилди.

Ишеналиева учурда жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгып, басылып жатканын белгиледи. Бул иштин алкагында авторлор жана редакторлор тарабынан мугалимдерге жана ата-энелерге онлайн жана оффлайн форматтарында колдоо көрсөтүлүүдө.
Тиешелүү маалымат Кара-Суу районундагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда айтылды. Анда жаңы окуу китептеринин мазмуну жана аларды киргизүүнүн өзгөртүүлөрү, өзгөчөлүктөрү талкууланды.
Министрлик окуу китептерин жаңылоо этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
Салыштырмалуу алсак, 2017-жылдан 2024-жылга чейин жалпысынан 4 миллион нускага жетпеген окуу адабияттары басылып чыккан.