Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Быйыл Кыргызстандын бардык жалпы билим берүү уюмдарында менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан, биринчи жолу 5–6-класстын окуучулары үчүн кыргыз тилинен которуу экзамендери өткөрүлөт. Экзамендер жазуу жана оозеки түрдө болот.
Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов билдиргендей, бардык мектептерде кыргыз тили мектеп программасына милдеттүү түрдө киргизилгендиктен, экзаменге кыргыз тилдүү да, орус тилдүү да окуучулар катышат.

"Экзамендер мектеп программасынын алкагында окулган материалдын негизинде өткөрүлөрүн туура түшүнүү зарыл. Орус тилдүү окуучулар үчүн тапшырмалар алар окуган программага туура келет. Ошондуктан экзамендер алар үчүн стресс болбошу керек", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал кыргыз тил сабагы 1-класстан баштап окутулгандыктан окуучулар тапшырмаларды аткарууда эч кандай кыйынчылыктарга дуушар болбошу керек экендигин айтты.
Мындан тышкары Аркарбек Мамытов белгилегендей, быйыл 5-6-класстын окуучулары гана кыргыз тилинен экзамен берет. 9-11-класстарга бүтүрүү экзамендери болот, ага да кыргыз тили камтылган. Башталгыч класстар үчүн мындай экзамендерди киргизүү азырынча пландала элек. Келерки жылы 5–6–7–8 жана 10-класстын окуучулары кыргыз тилинен которуу экзамендерин тапшырат.
“Азырынча жаңы системага өтүүдө окуучуларга ашыкча жүк болбошу үчүн 5-6-класстар үчүн гана экзамен өткөрүүнү чечтик”, - деди министрликтин өкүлү.
Кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим берген мектептердин 5-классынын окуучулары үчүн экзамен 27-28-майда, 6-класстар үчүн 29-30-майда өткөрүлөт.
Эске салсак, 2023-жылдын июль айында президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга (2023-жылдын 17-июлундагы № 140) кол койгон. Мыйзам кыргыз тилин мамлекеттик тил катары колдонуунун укуктук негиздерин белгилейт, ошондой эле аны өнүктүрүү жана колдонуу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын милдеттерин аныктайт.