Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө" типтүү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты.
Ведомстводон маалымдашкандай, демилге КР президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган.
Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Министрлик белгилегендей, балдар иштери боюнча комиссиялар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдында иш алып барышат. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана укук коргоо органдарын маалымдоо иштери бөлүштүрүлгөн тартипте, ыктыярдуу жана акысыз негизде иш алып барган жергиликтүү үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттерге жүктөлгөнүн билдирет.
Бирок, алардын ортосунда функциялардын кайталангандыгы байкалууда, мында комитеттердин институционалдык туруктуулугу төмөн жана ресурстары чектелүү, ал эми балдар иштери боюнча комиссиялар кыйла жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликке ээ жана негизги ведомстволордун өкүлдөрүн камтыйт.
Долбоордун түшүндүрмө маалымкатына ылайык, негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү комитеттерди жоюп, алардын функцияларын — биринчи кезекте үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө укук коргоо органдарына маалымат берүү милдетин — Балдар иштери боюнча комиссияга өткөрүп берүү;
- комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, ага балдар маселелери боюнча ведомстволор аралык ишмердүүлүккө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле өлкөдөгү балдардын абалы тууралуу аналитикалык отчетту түзүү жана сунуштоо укугун берүү;
- жободон "турмуштук оор кырдаалда турган" деген түшүнүктү алып салуу, анткени бул формулировка комиссия иш жүргүзө ала турган балдардын категориясын чектейт. Баланын укуктары жашаган үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан камсыздалууга тийиш.
Министрлик сунушталып жаткан токтом функциялардын кайталанышын жоюуга, балдардын укуктарын коргоо боюнча институционалдык жоопкерчиликти күчөтүүгө, ведомстволор аралык координацияланган координациялоону камсыз кылууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ишин оптималдаштырууга жана ашыкча бюрократиялык жүктү кыскартууга мүмкүндүк берерин баса белгилейт.