Кыргызстанда балдардын өлүмү 73 пайызга азайды

Ден соолук 10 Март 2026 16:40
1925d846-46a0-4c55-a9b6-e721d328a3de.jpg
8b4b5cd9-c83a-4fc1-91dd-f20c2a00328f.jpg
0c0d1a4f-6575-4a1a-8ef2-dc91e3acd705.jpg
4bafd990-4187-45b0-a8e0-f514ab2d59db.jpg
8d2c735f-e303-45a6-bdc5-af02660c5ec1.jpg
115185a5-a3b2-4379-b635-b316dec2dc30.jpg
bb216723-9930-4feb-bc08-d59efdba83ca.jpg
cd3ff8d0-b9d0-42b9-9c1f-62aa0d76d7d0.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эне жана баланын саламаттыгын коргоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, иммунизация жана саламаттык сактоо системасына санариптик чечимдерди киргизүү багыттарындагы кызматташуунун негизги маселелери талкууланды.

Тараптар акыркы он жылдыкта Кыргызстанда балдардын өлүмү 73 пайызга азайганын белгилешти. Ал эми акыркы беш жылда беш жашка чейинки балдардын өлүмү 1000 төрөлгөн балага карата 20дан 16,5ке чейин төмөндөгөн.

Жолугушуунун алкагында ЮНИСЕФ тарабынан медициналык кызматкерлер үчүн 247 планшет өткөрүлүп берилди. Алар алыскы аймактарда дистанциялык консультацияларды жүргүзүү үчүн колдонулат. Ошондой эле тараптар Telemed.kg платформасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФ аркылуу дары каражаттарын сатып алуу багытын кеңейтүүнү көздөй турганын айтты. Өз кезегинде Самман Жунг Тапа иммунизация программаларын чыңдоо жана эмдөө менен камтууну жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин ырастады.