Кыргызстанда балдар арасында аллергиялык ринит менен ооругандар көбөйдү

Ден соолук Загрузка... 02 Февраль 2026 15:46
vidy.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда ыштын калктын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин жыйынында Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Ал дүйнөлүк изилдөөлөр ыш дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө шарт түзөрүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Алсак, биздин өлкөдө балдар арасында аллергиялык ринит 2,5 эсеге көбөйдү", - деди Касымбеков.