Кыргызстанда бала бакчалар үчүн мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыкты

Билим Загрузка... 23 Сентябрь 2025 11:32
WhatsApp Image 2025-09-23 at 11.31.05.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты жаңыланып иштелип чыкты. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Айгүл Батыркулова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу ченемдик-укуктук документтер анын ичинде билим берүү стандары жаңыланып иштелип чыккан.

“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында “Кыргыз тили” окуу программасы (4 жана 5 жаш курактагы балдар үчүн) КР “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына (2025), 3 төн 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү “Балалык” программасына, Балдарды мектепке даярдоо “Наристе” программасына (480 саат), 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасына (2025), “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун ж.б. тиешелүү негизги укуктук-ченемдик документтерди эске алуу менен өз алдынча окуу программасы иштелип чыкты. Программанын өзгөчөлүгү окутуу методикасы (коммуникативдик методдор, оюн технологиясы, TRIZ, Монтессори, Кумон, Воскобовичтин ыкмалары) байкоо нормалары, критерийлери, ресурстук камсыздоо, шыктандыруучу, коопсуз билим берүү чөйрөлөрү ачык, так, конкреттүү берилгендиги болуп саналат”,- деди Батыркулова.

Белгилей кетсек, программада тил үйрөтүүнүн мазмуну мектеп программасына логикалык байланышта курулуп, балдардын коммуникативдик көндүмдөрүн, социалдык көндүмдөрүн жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган.

“Бул окуу программасы педагогдор үчүн колдонуучу багыттоочу курал гана эмес, ошондой эле баланын тилин өнүктүрүүдө үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иш алып барууга багытталган методологиялык негиз болуп саналат”,- деди ал.

Ошондой эле аталган Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн «Кыргыз тили» программасынын негизинде окуу-методикалык комплекстери иштелип чыккан:

  • “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 4 жана 5 жаштагы балдар үчүн кыргыз тилин үйрөтүү методикасынын маселелери” бакчанын кыргыз тилчи педагогдору үчүн методикалык колдонмосу;
  • Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги 4-5 жаштагы балдар үчүн кыргыз тилин үйрөтүү боюнча программанын негизинде сөз өстүрүү үчүн хрестоматиясы;
  • Жазуу жана боёо дептери.