Кыргызстанда байыркы түрк таш айкелдеринин 3D базасы түзүлүүдө

Маданият 9 сентябрь 2026 16:05
Кыргызстанда байыркы түрк таш айкелдеринин 3D базасы түзүлүүдө

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда турган түрк дооруна таандык таш айкелдердин санариптик маалымат базасы жана 3D моделдери түзүлүүдө. Бул иш "Улуу Алтай — түрктөрдүн мекени" виртуалдык музейинин долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

22-29-август күндөрү өткөн эл аралык археологиялык экспедициянын жүрүшүндө адистер Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде, "Бурана мунарасы" археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жана Оргочор айылындагы Кален Жетимишбаев атындагы тарыхый-генеалогиялык музейде жайгашкан айкелдерди фотограмметрия ыкмасы менен изилдешкен.

3D моделдер эстеликтердин көрүнүшүн бардык тарабынан так сактоого жана аларды мындан аркы илимий изилдөөлөрдө, музей иштеринде пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бурана мунарасында адистер эрте орто кылымдарга таандык 80ден ашык айкелди изилдеп, аларды хронологиялык же тематикалык тартипте системалаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Алынган санариптик материалдар виртуалдык музейдин маалымат базасына киргизилип, илимий эмгектерди, электрондук жана басма каталогдорду даярдоодо колдонулат.

Долбоор "Улуу Алтай" алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борбору, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кыргызстандын тиешелүү музейлеринин кызматташтыгында ишке ашырылууда.