Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм кызматы ишке кирди

Коом Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 11:15
apple_pay__c08w264834sy_og.png
copyright icon www

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм кызматы расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карта ээлери эми Apple түзмөктөрүн колдонуп, өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да тез жана коопсуз байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзө алышат.

Бизнес үчүн кызматтын киргизилиши накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана кардарларды тейлөөнү жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

“Бул төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү жана өлкөнү глобалдык санариптик системага интеграциялоо боюнча системалуу аракеттеринин аркасында мүмкүн болду”, - деп белгилешти Улуттук банктан.