Кыргызстанда алтын куймаларынын баасы өстү

Экономика Загрузка... 15 Апрель 2025 10:35
WhatsApp Image 2025-04-15 at 10.09.23.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда алтын куймаларынын баасы өстү. Бул тууралуу эксперт Тимур Саралаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине карата Лондон биржасында алтындын унцийи 3 222,54 долларды түздү. Ал эми Кыргызстанда 14-апрелге карата Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлчөнгөн алтын куймасынын бир унцийинин баасы 289 миң 488,50 сомго жетти.

"Бул көрсөткүчтөр капиталды сактоонун каражаты катары алтынга болгон кызыгуунун өсүүсүн көрсөтүүдө.

Дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктун шартында АКШда алтын менен күмүшкө болгон суроо-талап дагы өстү. Дүң сатуучулар ашыгын сата башташты. Ал эми зээрканалар өндүрүшүн күчөттү. Алардын айрымдары өткөн жылы суроо-талаптын аздыгынан жабылып калган, азыр абал өзгөрдү. Кыязы алтын монеталарга жана куймаларга дагы суроо-талап өсөт.

Аналитиктер ошондой эле облигациялар рыногундагы айрым өзгөрүүлөргө дагы көңүл бурушууда. Адатта, мындай мезгилдерде инвесторлор мамлекеттик облигацияларга инвестиция салып, алардын кирешелүүлүгү төмөндөйт. Азыр баары тескерисинче. Киреше өсүп жатат, бул АКШнын экономикасынын туруктуулугуна шектенүүлөрдү билдириши мүмкүн. Бул алтынга болгон кызыгууну арттырат.

Жакында эле болгон оңдоолорго карабастан, алтын тез эле өзүнүн позициясына келди. АКШнын президенти Дональд Трамптын тарифтерди токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин баа бир күндө 100 долларга чыкты. Бул айрыкча пайыздык чендердин жогорулашынын фонунда олуттуу көрүнөт.

Аналитик Эндрю Эддисон (Institutional View) алтындын бир унциясы 4000 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп эсептейт. Анын пикиринде, 2200 деңгээлинен жогору чыгып кетүү маанилүү техникалык чакырык болгон. Жогорулоо толкун сындуу болгону менен жаңы инвесторлор үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн", - Саралаев.