Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. "Кыргызалтын" ишканасынын кирешеси 17 млрд сомдон ашты.
Маалыматтар боюнча, “Кыргызалтындын” кирешеси быйыл рекорддук көрсөткүчкө жетип, буга чейинки жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу айырмачылык бир топ эле байкалат.
Кирешени жылдарга бөлүп карай турган болсок:
- 2019 – 310 млн 492 миң сом;
- 2020 – 1 млрд 236 млн 715 миң сом;
- 2021 – 2 млрд 753 млн 724 миң сом;
- 2022 – 5 млрд 560 млн 474 миң сом;
- 2023 – 12 млрд 653 млн 714 миң сом;
- 2024 – 17 млрд 205 млн 972 миң сом.
Белгилей кетсек, "Кыргызалтындын" 2019-жылдагы кирешеси болгону 310 миллион сомду түзсө, 2024-жылы 17 миллиард сомдон ашкан.