Каржы рынокторунун көзү алтындын баасында

Экономика Загрузка... 28 Март 2025 09:36
8e726599-041f-411b-afcc-f25762fe752d.jpeg
copyright icon www

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Дүйнөнүн бардык каржы рынокторунун көзү алтындын баасында. Себеби алтындын баасы дээрлик өсүп, тарыхый жогорку деңгээлге жетти. Бир унциясы (31,1 грамм) 3060.80 +127% долларды түзүп жатканын The Economy Forecast Agency (EFA) агенттигинин мониторинги көрсөтүүдө.

Агенттиктин маалыматы боюнча алтындын баасы дагы да өсүп, жыл аягында 3450 долларга чейин чыгат. Бул өсүш алтынга болгон суроо-талаптын жогорулашы, экономикалык белгисиздиктердин күчөшү жана геосаясий чыңалуунун күчөшү менен байланыштуу экендигин дүйнөлүк эксперттер айтышат.

Дүйнөлүк Алтын кеңешинин рыноктук улук стратеги Жозеф Каватонинун айтымында (булак: Золотой запас.ру) , бул дүйнөлүк инвесторлордун активдерди кайрадан бөлүштүрүп жаткандыгынын белгиси. Ошондой эле ал геосаясий жана экономикалык белгисиздиктин өсүшүнө байланыштуу.

Жозеф Каватонинун маалыматына ылайык, өткөн аптада ETF (Биржалык инвестициялык фонд) $3 миллиард доллар өлчөмүндө алтын агымына ээ болгон — бул болжол менен 31 тонна алтын дегенди билдирет. Жыл башынан берки глобалдык таза агым $19 миллиард доллардан (207 тонна) ашып, 2022-жылдан берки эң күчтүү биринчи квартал болуп калганы айтылат.

2004-жылдан 2024-жылга чейин, башкача айтканда 20 жыл аралыгында алтындын курсу 447,68% же 6 эсе өскөн. Баа 409 доллардан 2240 долларга чейин жеткен.