Кыргызстанда алты университеттин илимий долбооруна грант бөлүндү

Билим Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бишкекте Академиялык инновациялык фонддун биринчи конкурсунун жыйынтыгында тандалган алты илимий долбоорду каржылоо боюнча гранттык келишимдерге кол коюлду.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, долбоорлор “Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар” (КИВО) долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Аталган долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

Гранттарды Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Адам университетинин долбоорлору жеңип алды. Буга байланыштуу Ош технологиялык университети менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети экиден, ал эми Кыргыз улуттук университети жана Адам университети бирден долбоорду ишке ашырат.

Гранттык келишимдерге министрликтин атынан илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, аталган долбоордун улуттук координатору Дурус Козуев кол койду. Ошондой эле университеттердин атынан окуу жайлардын ректорлору кол коюшту.

Белгиленгендей, сынактын биринчи этабына өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке менчик 38 жогорку окуу жай катышып, жалпысынан 196 долбоор сунушталган. Алардын ичинен 59 долбоор экинчи турга өтүп, көп баскычтуу тандоонун жыйынтыгында алты долбоор каржылоого ээ болду.

Колдоого алынган долбоорлор абанын абалын жана озон катмарын изилдөө, жашыл энергетика, санариптик жана инженердик технологиялар, сууну үнөмдүү пайдалануу, жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо, топуракты изилдөө жана текстиль өнөр жайы үчүн материал таануу багыттарын камтыйт.

Анын алкагында заманбап окуу жана илимий лабораториялар түзүлүп, жаңы жабдуулар орнотулат, прикладдык изилдөөлөр жүргүзүлөт, билим берүү программалары жаңыланып, университеттердин өндүрүш ишканалары жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуусу кеңейтилет.

Белгилей кетсек, аталган долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан 25 млн доллар өлчөмүндө каржыланууда.

Долбоордун алкагында иштеген Академиялык инновациялык фонд мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайларына үч жылга чейин 200 миң долларга чейинки гранттарды конкурстук негизде берет. Учурда фонддун экинчи конкурсунун тандоо этабы жүрүп жатат.