Кыргызстанда алгачкы жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өттү

Коом 28 май 2026 17:40
708294703_1497790115153366_1096968370450278537_n.jpg
709287293_1497790161820028_1260724751635528831_n.jpg
709701093_1497790225153355_2176567798213393028_n.jpg
707868270_1497789988486712_6230189048603831916_n.jpg
708230540_1497790301820014_5047058850871094815_n.jpg
707898964_1497790061820038_8579024527867704133_n.jpg
710099035_1497789771820067_4806983117449161043_n.jpg
708277264_1497789961820048_4923899870401300621_n.jpg
706505158_1497789698486741_5775505776515020053_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда алгачкы жолу фасаддык тутумдарга жана каптоочу материалдарга натуралдык вибродинамикалык сыноо жүргүзүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, сыноо Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага Курулуш министрлигинин адистери, курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар катышты.

Учурда институттун базасында эки кабаттуу сыноо стенди жана көмөкчү имарат курулуп, пайдаланууга берилген. Аталган объекттер ички тосмо конструкцияларын, фасаддык тутумдарды жана жаңы курулуш материалдарын сейсмикалык туруктуулукка жана колдонуудагы ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо максатында сыноого арналган.

Долбоордун алкагында өндүрүш ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде төмөнкү фасаддык материалдар сыноодон өткөрүлдү:

  • керамогранит;
  • алюкобонд;
  • ламинам;
  • фиброцементтик панелдер.

Сыноо учурунда вибростенд аркылуу 8–9 баллдык жер титирөөнүн таасири моделденип, орнотулган фасаддык материалдардын бекемдиги, туруктуулугу жана коопсуздук деңгээли текшерилди.

Белгилей кетсек, мындай масштабдагы сыноо Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты - өлкөдө кеңири колдонулуп жаткан заманбап фасаддык системалардын жана каптоочу материалдардын ишенимдүүлүгүн жана сейсмотуруктуулугун баалоо.