Кыргызстанда алгач ирет Санариптик кодекс кабыл алынды. Эмне өзгөрөт?

Коом Загрузка... 07 Август 2025 18:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акыркы жылдары өлкөнүн бардык тармактарында санариптештирүү активдүү жүрүп, мамлекеттик кызматтардан тартып билим берүү, саламаттык сактоо жана бизнес чөйрөсүнө чейин санарип технологиялар кеңири киргизиле баштады. Муну менен катар эле жарандардын күнүмдүк жашоосунда да санариптик кызматтар кеңири колдонулуп, күнүмдүк иштерди тез жана ыңгайлуу аткарууга жол ачылды.

Жогорудагы жагдайды утурлай Кыргызстанда алгачкы жолу Санариптик кодекси кабыл алынды. Ал июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 4-августта президенттин колу коюлду. Кодекс 2026-жылдын башында күчүнө кирет. Муну менен өлкөдө эмнелер өзгөрөт?

Санариптик кодекс – бул санариптик укуктарды, жеке маалыматтар менен иштөөнү, санариптик экономиканы өнүктүрүүнү, санариптик идентификацияны жана маалыматты коргоону жөнгө салган системалуу ченемдик укуктук акт.

Документ санариптик чөйрөнү жөнгө салуудагы укуктук боштуктарды жана кайталоолорду жоюуга, ошондой эле өлкөдө коопсуз жана туруктуу санариптик экотутумду түзүүгө багытталган.

Ал жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин санариптик чөйрөдө коргоо жана камсыз кылуу, санариптик экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловдун айтымында, кодекстин күчүнө кириши менен санариптик иштер анын негизинде жүрүп баштайт.

WhatsApp Image 2025-08-07 at 18.27.06.jpeg

"Кыргызтелеком", "Кыргыз Почтасы", Байланыш министрлиги дегендер буга чейин өздөрүнүн мыйзамдары менен иштеп келишкен. Кийин мыйзамдар кайталанганы билинген. Мындан улам бул кодексти иштеп чыгып, үч жылдан бери жарандык коом, Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштешип, натыйжада кол коюлуп отурат.

Кодекстин ичине жасалма интеллектти жөнгө салууну, почта, мобилдик, спутниктик байланыштар, жеке маалыматтардын корголуусу кирет.

Муну менен эң биринчи жарандардын жеке маалыматтарынын корголуусу, экинчиси – санариптик экономиканы өнүктүрүүгө шарттар түзүлөт”,-деди ал.

Кодексте камтылган негизги жоболор:

  • санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуунун негиздери;
  • мамлекеттик жана атайын жөнгө салуу механизмдери;
  • санариптик мамилелерге катышуучулардын өз ара аракеттешүүсү;
  • санариптик чөйрөдөгү укуктук субъекттер жана объекттер;
  • маалыматтар жана жеке маалыматтарды иштетүү тартиби;
  • санарип жана телекоммуникация кызматтары боюнча жоболор;
  • жасалма интеллект системалары боюнча жоболор;
  • санариптик мамилелердин тынымсыз жүрүшүн камсыз кылуу ж.б.

Ал эми Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Азиз Пирмаматов өлкөдө санарип чөйрөнү жөнгө салууга багытталган жүздөн ашуун укуктук-нормативдик актылар бар экендигин белгиледи.

"Санариптик кодекс менен буга чейин кабыл алынган айрым мыйзамдардын жаңыланып, иретке келтирилип, бир системага түшүрүлүшү каралган.

373666.jpg

Кодекс кабыл алынгандан кийин "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Биометриялык каттоо жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" жана "Электрондук почта байланышы жөнүндөгү" беш мыйзам күчүн жоготот. Бул мыйзамдардын мазмуну эми Санариптик кодексте бирдиктүү жана жаңыланган формада чагылдырылат”,- деди ал.

Дүйнөлүк практикада буга чейин Бенин (2018), Демократиялык Конго республикасы (2023) жана Джибути (2025) өлкөлөрүндө санариптик кодекс кабыл алынган.

Көпчүлүк АКШ, Германия, Франция, Япония, Корея, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө санарип тармагына байланышкан өз-өзүнчө мыйзамдар бар. Бирок, алар бириктирип, системалаштырып, кодекс түрүндө жазылган эмес.