Кыргызстанда акыркы суткада 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 1 декабрь 2025 09:24
Кыргызстанда акыркы суткада 21 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Дем алышта Кыргызстанда 21 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 9;
  • Ош шаарында – 1;
  • Чүй облусунданда – 3;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунданда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 4;
  • Нарын облусунда – 1.

Өрттү өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылган.